Марал Радиосу

Опера жана балет театрында Dota 2 оюну өттү

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Dota 2 аталышындагы компьютердик оюндун финалы өткөн. Бул оюндун театрда өткөнү коомчулуктун нааразылыгын жаратты.

Мекеменин башкы директору Болотбек Осмонов оюн өткөрүү үчүн имаратты ижарага берүүдө мыйзам бузулбаганын айтты.

Келишим 180 миң сомго түзүлгөн. Мындай турнир Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Бул оюн интеллектуалдык оюндун түрүнө кирет.

Эске салсак, буга чейин Опера жана балет театрында туулган күн белгиленген.