Марал Радиосу

 Бекешев: Бакиевдерге тийиштүү үй камактан чыгарыла элек

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан Бакиевдерге тийиштүү үй камактан чыгарыла элек . Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Бакиевдерге тийешелүү үйдү ден-соолук чыӊдоо борборуна айландыруу зарыл. Ал үй азыр Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында турат. Үйдү ден-соолук чыӊдоо борборуна айландыруу үчүн эл аралык инвестор табылган, бирок документтерди жол-жоболоштуруу создугуп кеткендиктен, ал кетип калды. Көрсө, мурда Бакиевдерге тийиштүү үй камактан чыгарыла элек экен. Министрлик бул маселени чечиши керек.

Эске салсак, борбор калаадагы үй мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү болчу. Ал 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин өрттөлүп, тонолуп кеткен.  Кийинчерээк 20дан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам байырлаган.