Марал Радиосу

Бүгүн Абылгазиев 51 жашка чыкты

Бүгүн, 20-январь премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туулган күнү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы 51 жашка чыкты. Ал өздүк майрамын үй-бүлөсүнүн курчоосунда өткөрөт.

Белгилей кетсек, Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулган. Орто билимди Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинен алган.