Марал Радиосу

Вьетнамда дарыгерлер бейтапты сыра менен өмүрүн сактап калышты

Вьетнамда дарыгерлер бейтапка 15 бөтөлкө сыра берип, анын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдөгү ооруканалардын бирине 48 жаштагы киши келип түшкөн. Ал алкоголдук ичимдикке ууланып калгандыктан, кандагы метанол нормадан бир канча эсе көп болгон. Метанол адамдын организмине жеткенде ууга айланып, өлүмгө дуушар кыларын дарыгерлер билдирген. Мындан улам алар бейтапты өзгөчө ыкма менен дарылап, тагыраагы, сыра менен ууларды чыгарышкан. Дарылоо үчүн жалпысынан 15 бөтөлкө сыра керектелген.

Мындан тышкары бейтаптын организминдеги токсиндерди чыгаруу процедуралы жасалган. Натыйжада алкоголдук ичимдикке ууланган бейтап 3 аптада айыгып, ооруканадан чыгарылган.