Марал Радиосу

Митинг учурунда кармалгандар сотко кайрылышат

Бишкекте митинг учурунда кармалып, 3 миң сомдон айыпка жыгылгандар сотко кайрылышат.  Бул тууралуу  «Кырк чоро» бирикмесинин өкүлдөрү  кабарлады.

Митинг учурунда аталган бирикменин өкүлү Бактыбек Нуралы уулу да кармалып бир айдын аралыгында айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Ал  3 миң сом айып пулду бир ай аралыгында төлөө керектигин белгилеп, бирок б төлөөгө макул эместигин билдирди. Мындан улам 21-январда Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрыла турганын кошумчалады.

Эске салсак, 17-январда Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өткөн. Чогулуш саат 11:00дө башталып, кечки саат 16:30га чейин уланган. Аягында чогулган элдин айрымдары унаалар өтүүчү жолго чыгып кетип, милиция кармап кеткен. Жалпы 21 адам Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынган.