Марал Радиосу

Ломбарддардын иши жөнүндө Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам «Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин жоболорун Граждандык кодексинин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган. Ага ылайык эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ломбард бир айга тең келген жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алууну багыттоого укуксуз деп белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.