Марал Радиосу

Бажы тарифи жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине, Бажы бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө эл аралык келишимине ылайык келтирүү максаттарында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Exit mobile version