Марал Радиосу

ШКУнун экстремизмге каршы күрөш боюнча конвенция ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган.

Конвенцияда терроризмдин азыктануу катмары катары экстремизм коркунучу тууралуу алгачкы жоболор бекитилген; мамлекеттердин жана алардын компетенттүү органдарынын терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү негизги ордуна көңүл бурулган; эл аралык укукту жана БУУнун уставын, баарынан мурда мамлекеттердин эгемендүүлүк жана тең укуктуулук принциптерин урматтоо, алардын ички иштерине кийлигишпөө зарылдыгы; экстремизм идеологиясынын бардык түрүн, көрүнүшүн, анын жайылуусун айыптоо, көпчүлүк алдында чакырыкка жана экстремисттик иш-аракеттерге азгырууга жол бербөө камтылган.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.