Марал Радиосу

Мексикадагы болгон жарылууда 20 киши мерт кетти

Мексикадагы жарылуудан улам 20 киши мерт кетти. Маалыматка ылайык, Идальго штатындагы Тлахуэлилпан шаарында түтүк жарылып кеткен. Анын кесепетинен 54 киши жаракат алып, 20 каза болду.

Кырсык окуя болгон жерге 350дөй жергиликтүү калк топтолуп, кесилген түтүктөн күйүүчү май алып жаткан учурда болгонун Financiero басылмасы тастыктаган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат.