Марал Радиосу

Трамп америкалыктарга кайрылуу жасайт

АКШнын президенти Дональд Трамп элге кайрылуу жасай турганын өзүнүн твиттер баракчасына жазды. Анын айтымына ылайык, кайрылуусу өлкөнүн түштүк чек арасындагы гуманитардык кризиске байланыштуу болот. Америкалыктар президенттин Ак үйдөн кайрылуусун түз эфирден көрө алышат. Бул жергилүктүү убакыт боюнча 15.00 белгиленген.

Эске салсак, буга чейин Трамп өкмөттүн иштебей калышын гуманитардык кризис катары эсептеген.