Марал Радиосу

Эл аралык фестивалда «Дарак ыры» мыкты аталды

«Дарак ыры» киносу Даккада өткөн XVII Эл аралык фестивалында эң мыкты кино деп аталды. Бул туурасында фильмдин продюсери Толкун Дайырбекова маалымдады.

Анын билдиришинче 18-январда Бангладеште Эл аралык кинофестивалдын жабылыш аземи болгон. Негизги конкурстук программада Азиянын фильмдеринин арасынан Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” фильми мыкты аталды. Ал эми гран-при Филиппиндин Signal Rock киносуна ыйгарылды.

Эске салсак, фестиваль Даккада 10-18-январь күндөрү өттү. Анда 220дай кино көрсөтүлдү. Анын ичинен 5 кино Кыргызстандын атынан катышкан.