ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына жаңы жетекчи дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, эми мекемени милициянын подполковниги Олег Запольский жетектейт. Ага чейин ал орун басар, андан мурда оперативдүү издөө башкармалыгын башкарып турган.