Марал Радиосу

Өкмөткө аналитикалык борбор керекпи?

Бүгүнкү күндө өкмөт маалыматтык согушта утулуп жатканын мойнуна алды. Ошондуктан коомдо таратылып жаткан жалган маалыматтарды иликтөөгө ала турган аналитикалык борбор түзүү сунушу айтылды. Деген менен сунушту колдобогондор өкмөттүн алдында Улуттук стратегиялык изилдөө институту туура экенин билдиришти.

Акыркы убактарда социалдык тармактарда кытай жарандарына 60 миң кыргыз кызы турмушка чыкты деген маалыматтар таратылып жатат. Бул кыргыз коомчулугунун кыжырдануусун пайда кылып, Бишкек шаарында эки ирет митинг уюштурулду.

Ал арада өкмөт айтылып жаткан маалыматты төгүндөп, 60 кыргыз кызы кытайга турмушка чыкканын билдирди. Мындан улам депутат Дастан Бекешев коңшу Казакстан менен Орусияда кытайларга каршы толкундоолор болгонун белгилеп, бул агым Кыргызстанга да келди деген ойдо. Мындан улам кыргыз өкмөтү маалыматтык согушта утулуп жатканын айтып, ага каршы аналитикалык борбор түзүү сунушун берди.

-Өкмөт маалыматтык согуштан утулуп жатат. Аткаруу бийлигине жакшы маалыматтык бөлүм керек. Вотсап, фейсбук аркылуу көп ушактар таратылып жүрөт. Муну ким жасап жатканын билбейм. 60 кыз кытай жаранына турмушка чыкса, ушакчылар 60 миң деп жазып жатат. Бирөө атайын аны жасап жатат. Алар мамлекетте туруксуздук болсун деген каалоо менен жазууда. Катуу күрөшүү керек. Биз бирөөнү сабап, бир нерсени кыла албайбыз. Маалыматтык согуштан утушубуз керек. 60 кыз кытайга тийди деген маалыматты ар бир студентке беришибиз керек. Алар менен жолуксаң кытайлар маселесин талкуулашат. Кыздарга барып кытайга тийбе деп айта албайсыңда. Эгерде сүйсө тиетда. Бул дагы адамдын укугуна терс таасир берип жатат. Бул талап мыйзамсыз.   

Деген менен айтылган маалыматтарда өкмөткө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөө институту иликтөөгө алып турат. Бул мекеме коомдук пикирди дайыма мониторинг кылып, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп туруусу керек. Бул тууралуу экономист Эрлан Камалов билдирди.

Анын пикиринде, кошумча дагы борбор ачуунун кереги жок.

-Аналитикалык борбор ачуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм. Ар бир мамлекеттик органдын, министрликтердин, агенттиктердин башка мекемелерди басма сөз кызматы бар. Ошондой эле өкмөтко караштуу Улуттук стратегиялык изилдөө институту бар. Бул институтта отургандар коомдук пикирди дайыма мониторинг кылып, кандай таасир берип жатканын жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп туруш керек.  Алар керектүү маалыматтарды мамлекеттик органдардан алып, жалпы коомчулукка таркатуу керек. Бул үчүн мамлекеттик массалык маалымат каражаттардын ресурстарын пайдаланышсын.

Мында улам Улуттук стратегиялык изилдөө институтуна кайрылып, коомдук пикирлерге изилдөөлөрдү өз убагында жүргүзүп турарына кызыкты. Бирок жетекчилери кызмат ордунда болбогондуктан жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

«Объектив» журналынын редактору Курманбек Мамбетов маалыматтык согушта өкмөт эле эмес президенттик апарат да артта калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, өкмөттө маалымат саясатын караган бөлүм утурумдук маселелерден колу бошобойт. Ошондуктан борбор түзүүнү колдойт.

— Борбордо ар кандай тармактын өкүлдөрү кирет. Алар алдын ала пайда боло турган коомдук талкууларды анализдеп турушсун. Ошондо чын-төгүнү аныкталат.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовдун баамында, Кыргызстанда маалымат согушу көптөн бери жүрүп жатат. Бирок ага каршы күрөшүү үчүн атайын борбор ачууга негиз жок.

-Бизде сөз эркиндиги өнүккөн. Жалган маалыматтар менен күрөшүүгө телеканалдар, сайттар жана радиолор жардам бериш керек. Атайын борборду ачууга көп каражат кетет. Андай борборлор авторитардык системадагы өлкөлөрдө бар. Демократиялуу өлкөлөрдө болбойт.

Белгилей кетсек, мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда коомдук пикирди талкуулап турган ЦАРИ деп аталган фонд иштеген. Ага бир топ дымагы күчтүү адистер тартылып, изилдөөлөрдү кылып турган.