Марал Радиосу

Токмокто катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду

Чүй облусунда катуу шамал Токмокто үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Токмокто ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал катталып, Шамшы көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 450 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле эки турак үйдүн чатырларына дарактар кулаган.

Жабыр тарткандар жок.