Марал Радиосу

Тышкы карыз үчүн ар бир кыргызстандык 710 доллардан төлөйт

Финансы министрлигинин маалыматтарында 2018-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы жана ички) карызынын өлчөмү 4 млрд 477 млн долларды түзгөнү көрсөтүлөт.

Анын ичинде тышкы карыз – 3 млрд 838 млн доллар, ички карыз – 639 млн долларды түзөт. Ар бир кыргызстандык бул үчүн 710 доллардан төлөшү керек болот.

Кошумчалай кетсек, быйыл мамлекеттик бюджеттен 400 миллион доллар сырткы карызды жабууга жумшалат. Мындай документке президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 29-декабрында кол койгон. Тышкы карыздын көпчүлүгү Кытай мамлекетинен алынган. Бул өлкөгө Кыргызстан 1,7 миллиард доллардан ашык сумманы төлөшү керек.