Марал Радиосу

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, катуу шамал болорун кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы сааттар аралыгында жана кечкисин болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн.