Марал Радиосу

19-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаайт. Кундүз бир топ аймакта жаан, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +8…+10.