Биз менен байланышыңыз

«Брексит»: Мэйдин «Б» планы добушка коюлат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 516 | 0

Евробиримдиктен чыгууну көздөгөн Британия өкмөтү «Брекситтин» жаңы келишимин парламенттин добушуна 29-январда коёт. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Премьер-министр Тереза Мэйдин Евробиримдиктен чыгуу боюнча Брюссель менен келишими бул апта кескин четке кагылып, парламент өткөргөн жок. Мэй биримдик менен жаңы келишимге келүүсү зарыл, бирок бул дээрлик мүмкүн эмес болуп турат. Анткени Евробиримдиктин жетекчилиги «Брекситти» кайрадан карабай турганын ачыктады.

Британ парламентиндеги негизги оппозицияны түзгөн Эмгекчилер партиясынын лидери Жереми Корбин Мэйдин келишиминин иши бүткөнүн, жаңы кадамдарды жасай ала турган өкмөт келиши үчүн кезексиз шайлоо керектигин айтууда. Ал Тереза Мэйге Евробиримдик менен макулдашпастан эле чыгып кетүү тууралуу ойлонбой эле коюусун кеңеш берди.

Ошентип, жаңы келишимдин долбоору 21-январь күнү парламентке сунушталып, ал сегиз күндөн кийин добушка коюлат. Ага чейин британ өкмөтү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, колдоо издөө менен алектенүүдө.

Эске салсак, Улуу Британия королдугунун Евробиримдиктен чыгуусу үч жыл мурда эле референдум менен жактырылып, ушул жылдын 29-мартына белгиленген. Ал үчүн Англия биримдикке 39 млрд евро айыппул төлөп, эки Ирландиянын ортосундагы чек араны кош башкарууга макул болуу сыяктуу бир катар шарттарды аткаруусу керек болууда.

Copyright © 2017 Maral FM