Марал Радиосу

Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү маселеси талкууланууда

Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинде мамлекеттик башкаруу менен кызматтардагы инновациялар тааныштырылууда. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков келери кабарлаган. Бирок катышкан жок.

Мурунку президент Роза Отунбаева жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» деп жарыялган. Жарлыкта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Санарип Кыргызстан 2019-2023“ Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу маанилүү милдет катары эсептөөсү керектиги айтылган.