Марал Радиосу

Кыргыз-кытай экономикалык форумун өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда кыргыз-кытай мамлекетинин кызматташтыгын тизмектеп, элдин мамилесин жолго коюу үчүн кыргыз-кытай экономикалык форумун өткөрүүнү депутат Каныбек Иманалиев сунуш кылды.

Депутат эл арасында кытайлар жөнүндө ар кандай күмөн ой калбашы үчүн аксакалдардан топ түзүп, Кытайдагы боордош кыргыздардын абалы менен тааныштыруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар боюнча текшерүүчү топ түзүп, так маалымат берүү керек экендигин кошумчалады.

“Этникалык кыргыздарга жөнөкөйлөтүлгөн жол менен атуулдук берели. Чектеш мамлекеттин жаранына татаалдаштырылган жол менен берели. Элге калп айтпай туура түшүндүрөлү. Эч бир мыйзамда мамлекеттин аты жазылбайт. Бул дүйнөлүк этика. Эл топтолуп иштеген диаспораларды көрүшүбүз керек. Аны көрсөтпөсөк эл кайра эле күмөн санай берет»,-деди Иманалиев.

Ошондой эле, Кыргызстанда 14 миң кытайлык жаран бар экендигине эч кимдин ишенбегенин айтып, элдик комитет түзүп рейд жүргүзүү керектигин белгиледи.