Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо» жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзама кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболорду мыйзамга ылайыктоо болуп эсептелет. Ага ылайык, аткарууга зарыл болгон мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.