Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ келишимдерин кыргыз тилине которуу үчүн сынак жарыяланды

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 618 | 0

Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча котормо уюмун тандоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу өкмөтт аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка  катышуучуларга негизги 6 талап коюлду. Ага ылайык, котормо компаниясы өлкөнүн мыйзамдарына жараша түзүлгөн, материалдык- техникалык базага ээ, тажрыйбалуу лингвист-котормочулары бар, мамлекеттик тилге которуу укугуна ээ жана ошондой эле финансылык мүмкүнчүлүккө ээ болушу шарт.

Тандоонун (сынактын) катышуучуларына атайын талаптар:

 Жазуу түрүндө котормолорду ыкчам которуу, түп нускага лексикалык, стимлистикалык жана маанилик жактан толук дал келтирүүнү камсыздоо, илимий жана техникалык атоолор жана аныктамаларга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия тарабынан белгиленген талаптарды сактоо.

Которуу тилинин/тилдеринин лексикалык, стилистикалык жана грамматикалык ченемдерине ылайык котормолорду окуп текшерүү жана редакциялоо, ошону менен бирге илимий-техникалык которуу ыкмаларынын талаптарын сактоо, тийиштүү сөздүктөрдү, терминологиялык стандарттарды, жыйнактарды жана которуу вариантын тандоо үчүн бул тематикага кыйла туура келген маалымдамаларды колдонуу.

Атоолорду унификациялоо,  тиешелүү тармактар боюнча котормолор боюнча түшүнүктөрдү жана аныктамаларды өркүндөтүү, котормонун сапатын жогорулатуу үчүн атоолорду, түшүнүктөрдү жана аныктамаларды колдонууда ырааттуулукту сактоо максатында жеке колдонуу үчүн тиешелүү глоссарийлерди түзүү жолу менен аткарылган котормолорду каттоо жана тутумдаштыруу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б буйругу менен бекитилген атоолорду сактоо.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен меморандумдун болушу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясы менен меморандумдун болушу.

Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарекке жөнөтүү зарыл:

720003, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына» белгиси менен) же электрондук дарекке (PDF форматында 5 МВ ашык эмес көлөмдүү бир файл түрүндө түзүү сунушталат): eaes2018@gmail.com «Сынакка».Сурап-билүү телефондору: 0312 96-01-17.

Copyright © 2017 Maral FM