Марал Радиосу

Митинг: Аманбол Бабакуловду кармап кетишкен

Бишкекте өткөн митингде активист Аманбол Бабакуловду милиция кармап кетти. Учурда ал Биринчи май райондук сотунда экени, анын баш коргоо чарасы каралары айтылды.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандары жана жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдарга каршы талап кылып чогулгандар тарап, митинг соңуна чыкты.

Митингдин жүрүшүндө күч кызматкерлери менен акция катышуучуларынын ортосунда тиреш чыгып митингчилердин 30га жакынын милиция кызматкерлери кармап кеткен. Айрым басылмалар милиция 10-15 кишини кармап кетишкенин жазышты.