Марал Радиосу

Президент кимдерге сыйлык тапшырды? (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшырды. Анда ал сыйлык алгандар ак эмгектин, талыкпаган изденүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үзүрү менен алкоого арзый турганын бегиледи.

«2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2019-жылга максаттарыбызды, милдеттерибизди, пландарыбызды аныктадык. Экономиканы өнүктүрүү үчүн ыӊгайлуу мыйзам базасы түзүлдү. Мамлекетти өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталган реформаларды турмушка ашырууда сиздердей мекенчил жарандардын эмгеги, журтубуздун биримдиги жана коррупцияны кыскартуу аба менен суудай зарыл»- деди Жээнбеков.