Марал Радиосу

2 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз өткөргөн жаран кармалды

“Чалдыбар автожол” көзөмөл өткөрмө пунктунда 2 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз өткөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстандын жараны Казакстандан 2 тоннадан ашык күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган. Бирок анын тийиштүү документи болгон эмес.

Мыйзам чегинде чара көрүү үчүн материал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.