Марал Радиосу

Дресс-код: дүйнөдө мамлекеттик кызматкерлер кантип кийинет?

Жогорку Кеңештеги «ак көйнөк менен галстук» маселеси коомчулукта мамлекеттик кызматкердин кийими тууралуу талкууларды күчөттү. Буга байланыштуу биз башка мамлекеттерде мамлекеттик кызматкерлер, өзгөчө депутат, министрлердин жумушта кандай кийинерине кызыгып көрдүк.

Дресс-код негизинде униформадан айырмаланат. Униформа түсү, тигилиши жана матасы бирдей болгон атайын кийим болсо, дресс-код бирдей тартиптеги жана принципке ылайык келген кийимдер.

Ал мамлекеттик кызматкер, саясатчы же ишкердин кызматына, иштеген чөйрөсүнө жана даражасына да чагылуусу мүмкүн. Олуттуулуктун, кызматка жана кесиптештерге карата урмат-сыйдын белгиси болгон дресс-код дүйнөдөгү мамлекеттердин Баш мыйзамында талап кылынбайт, бирок мекемелердин жана аймактардын өзүнүн устав, жоболорунда бекитилет.

Дресс-код чуусу өткөн 2018-жылы бир нече мамлекетте көтөрүлгөнүн байкоого болот.

Жогорку даражадагы жыйындарга пиджак жана галстук менен келүү адаты алгачкылардан болуп XIX кылымда Британияда калыптанган. Бирок учурда Англиянын парламентинде галстук тагуу талабы жок. Буга мисал катары парламентке келген премьер-министр Тереза Мэйге суроо берген либерал Том Брейк галстуксуз болгон. Муну белгилеген консерванттардын арыздануусуна парламент спикери Жон Беркоу депутат жыйынга кызматтык (классикалык) кийимчен келиши керектигин, бирок галстук милдеттүү эмес экенин айтып жооп кылган.

Ушундай эле чуу Франциянын парламентинде орун алган. Оппозициялык «Жеңилбес Франция» партиясынан депутат Франсуа Рюффен жыйынга ачык жашыл түстүү футболдук клубдун аты жазылган футболкада келгенден кийин парламентте белгилүү тартип киргизилген. Ага ылайык жогорку даражадагы мамлекеттик жыйындарга саясий, диний жана рекламалык багыттагы чакырыктары бар кийимдерди кийип келүүгө тыюу салынат. Бирок ак жака, галстук милдеттүү эмес.

Америкада болсо дресс-код бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден талап кылынат. «Америкалыктар жумушка кеда менен барат, туфлиси сумкасында болот» деген лакап ушундан калса керек.

Австалияда болсо мамлекеттик кызматкерлерге угги, шляпа, пижама, жынсы жана футболка кийүүгө тыюу салган эреже кирген.

Хорватияда дагы мамлекеттик кызматкерлер ак-кара түстөгү жумушчу кийими менен келүүсү жактырылат. Бирок, өткөн жайда Хорватиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнөлүк биринчиликтин финалына чыкканда министр жана депутаттар жалпы жыйынга футболдук курамасынын формасын кийип келип катышышкан. Бул дресс-код эрежесин бузганы менен майрамдык маанайды эске алып, эч кандай эскертүүлөр болгон эмес.

Ал эми Япония жана Кытайда ак-кара түстөгү кийим менен галстук мамлекеттик кызматкер үчүн милдеттүү. Бул ишкерлер үчүн да маанилүү критерий.  Ишкердин галстугу болбосо, ал ишине олутуу эмес экендиги калк арасына сиңип калган тушүнүктөрдөн. Кытай президенти Си Цзиньпин жогорку макамдагы мамлекеттик кызматкерлердин баалуу швейцариялык саат тагуусуна тыюу салган.

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө дресс-кодго артыкчылык берилгени менен талап кылынбайт. Аталган өлкөлөрдө улуттук кийим бардык расмий иш-чараларда кийилет. Өзгөчө араб мамлекеттери дипломатиялык жолугушууларда улуттук кийимди кийүүгө басым жасашат.

Улуттук кийим Малайзиянын өкмөтү менен парламентинде да каралган. Жаңы регламентке ылайык Малайзиянын парламенти ар Бейшемби күнү жалпы жыйынга улуттук кийимде келүүсү шарт.

КМШ өлкөлөрүндө, мисалы, Орусияда костюм-шым, ак жака жана галстукка артыкчылык берилгени менен классикалык үлгүдөгү жынсы шым, свитер, көйнөккө да уруксат берилет. Бирок кийимдин брендин көрсөтүүчү белгилери, кымбат баалуу саат, браслет ж.б. жактырылбайт.

Ал эми аялдар арасында жалпысынан ашыкча түстүү, денени көрсөткөн жана көңүл бурдуруучу болбоосу шарты менен бардык эле стилдеги кийим-кечелерге уруксат берилет. Бирок дресс-код эрежесине сыйбай турган жагдайлар:

-ачык шыйрак жылдын эч бир мезгилинде дресс-код талабына жооп бербейт;

-ички кийимди көрсөтүүчү жука кийимдер;

-кийимдердеги ашыкча жырыктар;

-ашкере көп зыйнат буюмдар;

-жазылган же бир байлам узун чачтар (далыдан өткөн узун чач түйүлүүсү керек);

-ачык түстөгү тырнак боёк, помада жана чач;

-барпырак этектүү көйнөк же юбка.

Кара пиджак, ак жака жана галстук эң ириде жыйындын ырааттуу жана жагымдуу көрүнүшүн шарттайт. Бул себептен жогорку мамлекеттик жана эл аралык жыйындарда дресс-код расмийликтин жана олуттуулуктун символу катары бааланат. Бирок, ашкере түстүү, сүрөттүү жана символдуу болбосо эле, тыкан, бир түстөгү кийимдерге бардык эле өлкөлөрдө жол берилет.

 

Exit mobile version