Марал Радиосу

Улуттук банк валюта рыногуна 13,1 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 2019-жылдагы алгачкы интервенциясын жасады. Бул тууралуу банктын расмий сайты маалымдады.

Улуттук банк валюта базарына бул жолу 13,1 млн доллар саткан.

2018-жылда Улуттук банк улуттук валютанын курсун кармап туруу максатында 10 интервенция жасаган.