Марал Радиосу

Ажыга баруучуларга кийим тигүүгө конкурс жарыяланды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйыл ажылык сапарына бара турчу жарандарга форма тигүүчү компанияларга конкурс жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Ошондой эле аларды сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өткөрүү боюнча да конкурс өтөт.

Тийиштүү документтер 8-февралга чейин кабыл алынат.