Марал Радиосу

Футбол боюнча биринчилик: Эсеп 3:1

Азия биринчилигинин тайпалык үчүнчү айлампасында кыргыз футбол курамасы Филиппин өлкөсүнүн курама командасы менен беттешип жатат. Кыргызстан учурда учунчу жолу гол киргизди. Ал эми Филиппиндерде 1 гол бар.

Оюндун экинчи айлампасынын 15-мүнөтүндө Виталий Люкс үчүнчү ирет гол киргизди.

Оюндун 50-мүнөтүндө жана 23-мүнөтүндө «Ак шумкар» командасынын чабуулчусу Виталий Люкс эки жолу гол киргизген эле.

Эске салсак, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда.
Кыргызстандын футбол командасы биринчи ирет катышуу укугуна ээ болду. Биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген.