Марал Радиосу

Кыргызча 20дан ашык онлайн-курстары иштелип чыкты

Кыргыз тилинде 20дан ашык онлайн-курстары, 400 видео сабактары иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ошондой эле өткөн жылы www.lib.kg сайтына 441 китеп жана окуу материалдары коюлган. Анда 5-6-класстар үчүн баардык сабактар боюнча материалдар бар.

Билим берүү министрлиги 2018-жылы өнөктөш уюмдар менен башталгыч мектеп үчүн 7 сабак боюнча жана 5-9 класстар үчүн «Билимбулагы» мультимедиялык программалык-методикалык комплексин иштеп чыгышкан.

Мындан тышкары «Маалымат технологиялары» темасы боюнча 200дөн ашык сабакты которуп, кыргыз тилиндеги 1000ге жакын китеп санариптештирилген.

Кыргыз тилиндеги Википедия үчүн 20087 жаңы макала которулуп, редакцияланган.