Марал Радиосу

Инвестициялык фонддордун маселелери талкууланды

Жогорку Кеӊеште “Инвестициялык фонддордун маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору аркылуу колдонулуп жаткан инвестициялык фонддордун түрлөрүнө толуктоо киргизилет. Алар квалификациялуу инвесторлор үчүн түзүлгөн акционердик инвестициялык фонд, жабык үлүштүк инвестициялык фонд.

Ошондой эле, баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды ачык жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу максатында инвестициялык фонддор түзүлөт. Мыйзам долбоору менен баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну “жекече сунуш” менен толуктоо сунуш кылынат, ушинтип инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарын эмиссия кылуунун ыкмалары кеңейтилет.