Марал Радиосу

Президент кыргыз футболчуларына ийгилик каалады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчы бүгүн өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап,  Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын  Азия Кубогуна катышып жатканы — быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.

Президент ошондой эле Кыргызстандын курамасы бул турнирде кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Кыргызстандын курамасы бүгүн 16-январда Филиппиндин курамасы менен беттешет.