Марал Радиосу

Кайрат Иманалиев маданият министринин орун басары болду

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Иманалиев 2018-жылдын май айына чейин КТРК радиоберүү боюнча башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Бул орунду аркалап келген Айнура Темирбекова 25-декабрда кызматтан кеткен.