Марал Радиосу

Кожошев: Кытайга болгон карыздар боюнча кооптонуу бар

Кытайга болгон карыздар боюнча кооптонуу бар. Анткени Кыргызстан тышкы карызынын 45 пайызга жакынын Кытай Эл Республикасынан алган. Бул тууралуу мурунку Экономика министри Арзыбек Кожошев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми кыргыз тарап Кытайдан карыз албашы керек. Ал эми береселерин убагында төлөшү шарт. Ал үчүн өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, кирешелерди топтоп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу зарыл.

“Кыргызстан эл аралык уюмдардан карыз алса болот. Алар эч кандай саясий маселе койбойт. Мындай уюмдардан коркуунун кажети жок», — дейт Кожошев.