Биз менен байланышыңыз

Казакпаев: Быйыл Тажикстан ЕАЭБдин курамына кирбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 630 | 0

Саясат талдоочу Марат Казакпаев “Марал” радиосуна берген маегинде 2019-жылы Тажикстан ЕАЭБдин курамына кирбей турганын билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан ЕАЭБге кошулбаса да Орусия менен жылуу мамилесин улантат.

«Өзбекстан Америкага жакын, булар бир канча келишим боюнча иштеп жатышат. 2019-жылдын апрель айында Ташкентте Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин бейформал саммити өтөт. Анда коопсуздук, экономика маселелери каралат. Анын ичинен Америкадан инвестиция тартып келүүнүн жолдору талкууланат», — дейт Казакпаев.

Эске салсак, Борбор Азияда лидерлеринин бейформал саммити быйыл Астана шаарында өткөн. Ага Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Кыргызстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM