Марал Радиосу

«Ювентус» Лука Модричти сатып алууга кызыкдар

“Ювентус” футболдук клубу хорватиялык коргоочу Лука Модричти сатып алууга кызыкдар. Goal басылмасынын маалыматына ылайык, италиялыктар “Реал Мадриддин” 33 жаштагы оюнчусун 3 жылдык келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү менен сунуштоого даяр.

Буга чейин Италиянын дагы бир футболдук клубу “Интер” да Модричти өз командасында көрүүнү кааларын билдирген.

Хорватиялык футболчунун мадриддиктер менен 2020 жылга чейинки келишими бар. Transfermarkt Луканы 25 миллион еврого баалаган.

Бул сезондо Лука Модрич “Реал” үчүн жалпысынан 26 оюн өткөрүп, 2 гол жана 3 голдук пастын автору болгон.