Марал Радиосу

Чынгыз Айдарбековго дипломатиялык ранг тапшырылды

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министири Чынгыз Айдарбековго дипломатиялык ранг берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Чынгыз Айдарбеков 2018-жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңештин 101 депутатынын макулдугу менен министр болуп дайындалган.