Марал Радиосу

Президент “Ачык асман” долбооруна кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков “Ачык асман кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Жогорку кеңештин сайтында маалымдалды.

Жаңы өзгөрүүлөрдүн негизинде өлкөдө “Ачык асман” эркиндигинин 5- даражасы пайда болду. Эң биринчиден, башка өлкөдөн учуп жаткан авиакаттамдар Кыргызстан аркылуу уча алат. Кыргызстандын аэропортторуна конуп, жүк таштап, жүргүнчү алып кете алат.

Мындан тышкары, өлкө жарандарына Европанын көптөгөн мамлекеттерине түз учууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Эске салсак, “Ачык асман” долбооруна өзөртүүлөрдү киргизүү Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан сунушталып, Транспорт жана жолдор министирлиги тарабынан өзгөртүлүп каралып чыкты. Бул өзгөрүүлөр эл аралык авиакомпаниялар менен иштөөгө жол ачмакчы.

Бул мыйзам кол коюлгандан кийин 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Exit mobile version