Марал Радиосу

16-январда кар көчкү түшүү коркунучу бар

16–18-январда тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Мындан тышкары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында кар катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын темпертурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,

Ош Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 …-2, күндүз 4…6 градус болот.

Exit mobile version