Марал Радиосу

Мадуро: Болсонару учурдун «Гитлери»

Венесуэланын президенти Николас Мадуро коңшу Бразилиянын жаңы президенти Жаир Болсонаруну «Азыркы замандын Гитлери» деп атады. Буга Бразилия өкмөтүнүн Мадуронун президенттигин тааныбасын, анын ордуна Венесуэланын Конгрессинин оппозициянер лидери  Жуан Куайдону президент катары кабыл аларын жарыялаганы себеп болду. Бул тууралуу Reuters  агенттиги жазды.

Өткөн аптанын соңунда Бразилия Венесуэладагы президенттик шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланган Мадуронун бийликке келишин мыйзамсыз деп жарыялаган.

Эки коңшу өлкөнүн ортосунда узак жылдардан бери жолго коюлган кызматташтык бар болчу. Бул Венесуэланын Социалисттик партиясы менен Бразилиянын Эмгекчи партиясынын ортосундагы жакшы мамиледен улам сакталып турган. Бирок Бразилиянын жаңы президенти Жаир Болсонару социализмге каршы экенин , 1964-85-жылдардагы аскердик диктатураны колдорун айтып келет.

Эске салсак, Жаир Болсонару өткөн аптада президенттик кызматка киришүү аземине  социал-демократиялык партиялардан келген коңшу президенттерди чакырбай, жалаң гана оңчул, коммунисттик көз караштагы лидерлерди чакырган болчу.