Марал Радиосу

«100 мыкты өнүм» улуттук долбоору презентацияланды

Бүгүн, 15-январда «100 мыкты өнүм» улуттук долбоору башталды. Иш-чара “Замандаш” партиясынын “Келечек 4.0” программасынын алгачкы кадамы болуп саналат.

Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик өнүмдөрдүн эң мыктыларынын уникалдуу топтому конкурстук негизде түзүлөт. Журнал 5 тилде, электрондук жана китепче түрүндө жазылып, Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көргөзөт жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөш болот.

Белгилей кетсек, «100 мыкты өнүм» улуттук долбоору “Замандаш” партиясы жана “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” ассоциациясы менен биргеликте иштелип чыгып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жана экспортту көтөрүүгө багытталат.