Марал Радиосу

Күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, бензин жолго төгүлүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

13-январда Бишкек-Ош унаа жолунун Кызыл-Бейит аймагында жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, унаа оодарылып кеткен. Бул кырсыктын айынан айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Унаада 35 тонна солярка болгону, анын ичинен 2 тоннасы төгүлгөнү кабарланды.