Марал Радиосу

Чет өлкөгө чыккан кыргызстандыктар үчүн атайын номур ишке кирди

Тышкы иштер министилигинин консулдук департамент кызматында 2019-жылдын 14-январынан баштап WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber каналдары +996 (551) 312-000 номери аркылуу сынамык иретинде иштеп баштайт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул кызматты уюштуруунун максаты убактылуу же дайыма чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарын укуктук жактан колдоо болуп саналат. Өлкө жарандары күнү-түнү жогоруда көрсөтүлгөн номерге, текст, үн, сүрөт же болбосо видео түрүндө кайрылуу жасай алышат.

Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандар ошол өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктүн иш-аракеттери боюнча өз ой-пикирлерин калтыра алышат.