Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мектепке электрондук каттоо башталат

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 1124 | 0

Кыргызстанда мектепке электрондук каттоо 2019-жылдын 15-февралында башталат. Бул система башында Бишкек шаарында гана жеткиликтүү болот. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектепке электрондук каттоого алууда www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн же каттоо номеринин саны боюнча арыздын статусун текшерүүгө болот. Система боюнча катталуу үчүн ата-эне бала жөнүндөгү бөлүмдү толтуруп, байланыш номерлерин калтырып, мектепти тандашы керек.

Мектепке биринчилерден болуп ошол аймакта жашап катталган балдар, аскердик кызмат өтөөчүлөрдүн балдары, этникалык кыргыздардын балдары алынат.

Арыздарды кабыл алуу эки этап менен жүрөт. Биринчи этап 15-февралдан 15-майга чейин айылдарда, экинчи этап 16-майдан 15-августка чейин чакан аймактардан сырткаркы аймактарда болмокчу. Мектептерге катталуу бекер жүрөт.

Кошумчалай кетсек, бул системаны ишке ашыруу менен минитсрлик өлкөдө балдарды мектепке алуудагы коррупциялык иштерге бөгөт коюлат деп ишендирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM