Биз менен байланышыңыз

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен бошотулду

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 930 | 0

Кадыр Токтогулов Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин талапкерлигин сунуштады. Ал 2016-жылдан бери өлкөнүн Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келген.

2018-жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчетун угуп, ишиндеги кемчиликтери үчүн ага эскертүү берген. Эл өкүлдөрү ал эки жыл бою депутаттарга отчет бере элек деп нааразы болушкан. Элчи эреже боюнча жыл сайын парламентте баяндама жасашы керек.

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси кызматына 2014-жылы дайындалган. Ага чейин президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM