Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакка калтырды. Бул тууралуу КСДП партиясы маалымдады.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Кулматовду 31-январга чейин камакка калтыруу чечимин чыгарган.
Эске салсак, экс-мэр Кубанычбек Кулматовго өткөн жылдын 21- майында Кылмыш жаза кодексинин «коррупция» беренеси боюнча иш козголгон.