Марал Радиосу

ТИМ: Кулаган учакта кыргызстандыктар болгон эмес

Боинг 707 учагынын бортунда Кыргызстандын жарандары болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчсы катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Боинг 707 учагы Кыргызстандан Иранга тоңдурулган эттерди ташып келген. Кулаган учактын ичинде 30 тонна эт болгон. Учак «Иран эйр тур» аба жолдоруна таандык болгон.