Марал Радиосу

Сапар Исаков 13-февралга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

Сапар Исаковго карата Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаал боюнча «коррупция» беренеси менен айып тагылып, 5-июнда камакка алынган.

Исаков бул окуяда саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.