Марал Радиосу

Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум 15-январга белгиленди

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши иликтенип бүтүп сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, материалдар Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Биринчи соттук отурум 15-январга белгиленген.

Жактоочу мындан тышкары, бул иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп бериши керектигин, бул жерде мыйзам бузулганын белгилейт.

Эске салсак, Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.