Марал Радиосу

Президент: Гербдин авторлоруна ыраазычылык билдирем

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик гербдин 25 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Анын куттуктоосунда герб — мамлекетттүлүктүн жогорку символу катары чейрек кылымдан бери элдин азаттыгын, мамлекеттин көз карандысыздыгын даңазалап, дүйнөгө таанытып келери айтылат.

“Кыргыз Республикасынын гербинин мааниси — Кыргызстандын эли үчүн өтө ыйык жана кымбат. Ал тарыхыбызды, бүгүнкү биримдигибизди, келечекке болгон умтулуубузду чагылдырып турат. Мамлекеттик герб — улуттук сыймыктын жана ар-намыстын башкы атрибуту катары Кыргызстандын эли менен түбөлүккө жашай берет. Бүгүн гербдин авторлоруна жана гербди жактырып, кабыл алган легендарлуу парламенттин депутаттарына ыраазылык билдирем” – деди президент.

Кыргызстандын герби Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген. Авторлору Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Гербдин алдыңкы фонунда Ак шумкар эркиндиктин символу болуп эгемен мамлекеттин эң башкы белгиси катары түшүнүк берип турат.